super.kg logo

11 жашар окуучуну сүзүп кеткен укук коргоо кызматкери камакка алынды

 

Мектеп окуучусун сүзүп кетип, анын өлүмүнө себепкер болгон айдоочу, Чүй ОИИББинин кайгуул-көзөмөл кызматынын кызматкери камакка алынды. Мындай маалыматты Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы таратты.

Буга чейин белгилүү болгондой, окуя бүгүн, 29-январдын таңында Новопавловкада орун алып, анда укук коргоо кызматкери 11 жаштагы окуучуну унаасы менен сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен окуучу бала каза болуп калган. Ал эгиз балдардын түгөйү болгон.

"23 жаштагы айдоочу А.К. Чүй ОИИББинин кайгуул-көзөмөл кызматында иштеген милициянын старшинасы болгон. Ага карата 297-берененин (авто транспорттук каражаттарды колдонууда коопсуздукту сактабоо жана эрежелерди бузуу) негизинде кылмыш иши козголду. Тийиштүү экспертизалар алынып, айдоочунун унаасы айып аянтчасына токтотулду. Окуя боюнча сотко чейинки иликтөө иштери жүрүүдө. Ошондой эле Чүй ОИИББи ички иликтөө ишин баштады", - деп билдирет басма сөз кызматы.

Маалыматта кошумчалангандай, алдын ала текшерүү боюнча айдоочу спирт ичимдигин ичпегени аныкталган.



кошулду





Эгиз түгөйсүз калды. Милиция кызматкери мектеп окуучусун өлтүрө сүздү

Автор: Илим Туратбек уулу
Оператор: Руслан Алыбаев
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
29.01.2019. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ушуга окшогон акча бергендерди жумушка алып жаткандарды оздорун да буларга кошуп камаш керек! Мент болсоло буларга закон иштебейт бекен?! Биринчи оздорунон башташсын коопсуздукту!
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2019-01-29 12:46:51
29.01.2019. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Балким жумушуна шашып аткандыр эле,атайын сузбосо керек ким эле камалгысы келсин. Байкуш баланын ата-энесине кыйын болуптур, сабыр берсин! Озу ушул айдоочу куболугу барларды ар жылы экзаменден отуп тура турган кылса кантет эле же кыргызчылык кылып ал жерде да акча менен отуп кетишеби?
29.01.2019. 13:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Куноолуу айдоочу эле эмес жоо жургунчулор дагы мал сыяктуу кутпогон жерден чыга салышат,кандай тездик менен келтат токтой алабы албайбы кызыктырбайт
29.01.2019. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Arman7,Мал сыяктуу дейсин да кайра ал жерде пешеход деген бар. Айдоочулар кашайбай коздорун чон ачып далактабай айдашпайбы.
30.01.2019. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Arman7,эл мал эмес, элди мал деген сен өзүң малсың, көрмөкмүн сенин жакыныңды сүзүп кетсе, бүт унаалар токтоп турса каршы тилкеге чыгып уруп жатат. Ал адамга адамдын өмүрүнөн да жумушу важный бекен, сактансаң сактайм деген кудай.
30.01.2019. 08:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ким болбосун тынч еле болсунчу ертемене суперден жалан омурун алды деген маалыматтар
30.01.2019. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айтайын кылбагандыр кокустук кудай сактасын мындай нерседен баарыбызды тынч эле журойлуу
30.01.2019. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көп унаалар пешеходко жакын токтоп туруп алышат. Анын алдынан көрүнбөй чыга калган адамды 60 эмес 30 км баратсаң да сүзөсүң. Пешеход өтчү жер ар дайым жарык болуп даана көрүнүп туруш керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: