super.kg logo

Токмоктогу атышууда жаракат алып ооруканада жаткан Дастан Бейшенкулов кайтарууга алынды. Ал айыккандан кийин камакка алынат

 

Токмоктогу атышууда жаракат алып ооруканада жаткан Дастан Бейшенкулов кайтарууга алынды. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда Чүй облустук милициянын башчысы Самат Курманкулов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Дастан Бейшенкуловдун ден соолугу жакшы болгондон кийин ал камакка алынат.

"Дастан Бейшенкулов желим октон көкүрөк тушунан жаракат алган. Азыр анын абалы жакшы, дарыгерлер карап жатышат. Андан тышкары биз дагы өзүбүздүн кызматкерлерибизди койдук. Ден соолугу жакшы болгондон кийин убактылуу кармоочу жайга киргизилет", - деди Курманкулов.

Облустук милиция башчысынын билдиришинче, Бейшенкулов жана окуяга тиешеси бар башка жарандар 26-январда тергөөчүлөр тарабынан суралганда эч кандай жаракат албаганын айтышкан.

Куманкулов ал тууралуу мындай дейт: "Бейшенкулов 29-январга караган түнү ооруканага жатканы боюнча маалымат түшүп, тергөөчүлөр ошол ооруканага барышкан. Эмнеге буга чейинки суракта жаракат алганын айтпай койгонун сурашканда ал "Аскат дарыларга кеткен чыгымды төлөп берем, арыз жазба деп айткан" деген".

25-январь күнү Токмоктогу көзөмөл-өткөрүү жайына жакын жерде Дастан Бейшенкулов, Токмок шаардык кеңештин депутаты Кубан Кочкорбаев менен Бахтияр жана Аскат Усенов аттуу жарандардын ортосунда чыр чыккан. Милициянын маалыматына караганда, чыр товарларды жана күйүүчү майларды чек арадан мыйзамсыз өткөрүү учурунда акча маселесинен улам чыккан. Атышуудан Аскат жана Дастан аттуу эки адам жаракат алган.

Аталган окуяга Жогорку Кеңештин депутаты Урматбек Самаевдин дагы тиешеси бар экени айтылып, ал суракка алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: