super.kg logo
  Саясат  

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев: "Өлкө башчы убадасын аткарганга аракет кылып жатат. Бирок азыр коррупцияга каршы күрөш болгон жок"

 

Кыргыз өлкөсү коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча 180 өлкөнүн ичинен 132-орунду ээледи. "Transparency International" эл аралык уюмунун изилдөөсүнө ылайык, 2018-жылы Кыргыз мамлекети коррупцияны кабыл алуу индекси боюнча 29 балл алып, 2017-жылдагы көрсөткүчтү кайталаган.

Президент Сооронбай Жээнбеков башкы урааны коррупцияга каршы күрөшүү экенин айткан. Жээнбековдун президенттик кызматтагы 1 жылдык ишинде өлкөдө коррупцияга каршы күрөштө жылыш болгон жок.

SUPER.KG порталынын "Бийликтин башкы урааны куру убада бойдон кала береби?" деген соболуна саясат таануучу Орозбек Молдалиев жооп берди.

Молдалиев коррупцияга каршы күрөшүү оңой эмес экенин айтты.

"Сооронбай Жээнбеков коррупцияга каршы күрөшөм деген убадасын аткарганга аракет кылып жатат. Бирок азыр коррупцияга каршы күрөш болгон жок. Учурда коррупцияга малынган чиновниктер менен күрөш болууда. Алар камалып, айрым сотторго да кылмыш иштери козголуп жатат. Бирок бул процессти коррупция менен күрөш болмоюнча чексиз жасай берсе болот. Бизде коррупция ушунчалык тамырлашып кеткен, бала бакчадан баштап, көрүстөнгө чейин тамырлаган. Коррупция менен күрөшүү оңой эмес.

Ошол эле “Таза коом”, “Коопсуз шаар”, “Түндүк” деген долбоорлор ишке кирбей акырындык менен солгундап жатат. Себеби буга кызыкдар болбогон чиновниктер көп. Жакында мас абалында унаа айдагандар боюнча айып пулдардын көбөйүшүн, шаардын тазалыгын коомчулук туура кабыл алганы менен, ага каршы чыккандар да бар", - дейт Молдалиев.


Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, жарандык активист Адил Турдукулов, саясат таануучу Марс Сариевдин пикири төмөнкү шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: