super.kg logo

Ырчы Азалия: "Менин ырыма обон жазган автор ырымды башка бирөөгө сатып жибериптир"

 

Азалия"Кыз-Бурак" тобунун мурунку солисти, учурда жеке ырчы катары таанылган Азалия өткөн жылдын сентябрь айында жаздырган ырын учурда башка бирөө жаңы сөз жаздырып алып ырдап чыкканын айтты. Ырчынын SUPER.KG порталына билдиргенине караганда, ырдын обонун жазган адам аны башка бирөөгө сатып салганын ачыктаган эмес. Учурдагы абал тууралуу сүйлөшөйүн десем, обондун автору телефонун албай жатып, араң жооп берди дейт Азалия.

"2018-жылдын сентябрь айында "Алыстадым" аттуу ырымды жаздырып, өлкөдөгү радио жана сайттарга берип коюп, өзүм "Miss Cosmopolitan World-2018" сулуулар сынагына катышуу үчүн кеткем. Ошону менен ыр өлкөдөгү радиолорго менин авторлугум менен тарап калган. Эми кечээ эле ошол ырды Айзада Болотбекова деген жаңы ырдап чыгып келе жаткан кыз башка сөз жаздырып алып ырдап жатканын угуп калдым. Дароо ырдын обонун жазып, аранжировкасын жасап берген Азамат Такырбашевге кайрылдым. Ал телефонун албай жатып, акыры байланыштык.

"Ошончолук ырлардын обондору окшош болуп калыптырбы? Бул жерде катачылык кетти окшойт. Мен Айзада менен сүйлөшүп, башка ыр жазып берүү боюнча айтып көрөйүнчү" деп койду ал. Айзада Болотбекова

Анан Айзада Болотбекованын номерин таап сүйлөшсөм, ал ырды Такырбашевден 300 долларга сатып алганын айтты. Мен да ал ырга 21 миң сомдун айланасындагы каражат коротком. Убакытым кеткен, өзүм Азамат Такырбашевдин жанында отуруп, ноталарды, аранжировканын эффекттерин тандап чогуу иштегем. Анан эле тапкан наныңды тарттырып отуруп калган жаман экен", - дейт Азалия.

Ал эми учурда Азалиянын "Алыстадым" аттуу ырына башка сөз жаздырып, "Арноо" деген аталыш менен ырдап чыгып жаткан Айзада Болотбекова бул ырды интернет каналдардан алдырбай турганын айткан.

"Мен Айзадага байланышып, ырды алдыр, Такырбашев сага башка ыр жазып берем деп жатат десем, ал дагы бул ырга 3 ай убактысы, акчасы кеткенин, башка ыр жаздырууга дагы убакыт кетерин айтып жатат. Ал буга каршылыгын билдирди. Эми бул абалды кандай жол менен чечеримди билбей жатам", - деди ырчы.

Азалия аткарып жүргөн "Алыстадым" аттуу ырдын сөзү Тимур Салиевге, обону Азамат Такырбашевге таандык. Ал эми Айзада Болотбекова ырдап чыккан "Арноо" аталышындагы ырдын сөзүнүн автору Санаа Кирекеева, ал эми обонунун автору Азамат Такырбашев.






 
 Кыстарылган аудио 

Азалия "Алыстадым"

Айзада Болотбекова "Арноо"

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
29.01.2019. 19:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ырас болуптур. Чыныгы ырчы жандуу музыкалык аспап менен ырдайт. Силердей компьютер менен ырдаган үнү жок "пафос" ырчылардан качан кутулабыз((((
29.01.2019. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Хит болбогон ырларды талашып эмне кыласынар,ушул ырга 21мин сом жалко го
29.01.2019. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Андай деле укмуш ыр эмес го ,супсак.
Убактынарды коротуп ырдабай эле койгулачы .Үнүңөр ,же бир тартып турган
озгочолугунор деле жок экен , экөөңдүн тең.
29.01.2019. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бут боёксунар,ырдабай эле койгулачы сураныч!
29.01.2019. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Койчу Азалия чыкпай эле койчу. Бир клибин бемаани эле. Жаратылышта иттпиттер менен. Чачтари аппак адамдар менен галаты эле клипда кыскасы. Ырынын мааниси болсо да мейли. "Дүң" деген ырың жок.
29.01.2019. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айзаданыкы жагымдуу угулат экен салыштырмалуу. Эми Такырбашевдики туура эмес эле да кылганы. Жаман ырбы,жаман ырчыбы баары бир эмгек,акча кетип аткандан кийин
29.01.2019. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Eptep ele yr jazyp alyp talawa beresiner
29.01.2019. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азалиясына да Айзадасына да пияр болуптур))) ХХХХ дегенге уят ортодон бир обону учун эки кишиден акча жеген.
Модератор admin_media түзөттү 2019-01-29 22:58:02
30.01.2019. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шедевр талашкансып,бир тыйынга кымбат го бул ырынар
31.01.2019. 00:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жакшы ыр экен, Азалияныкы. Мага Азалиянын гана аткарган ыры жакты, современный, озуно жарашыптыр. Уну да нежный болуп жакшы жазылыптыр. Молодец Азалия, алга! Сени кыз буракта ырдап жургондон бери тааныйм, молодец, только вперёд!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: