super.kg logo

Улуттук энергохолдингдин төрагасы: "Бишкек ЖЭБинде оңдоп-түзөө иштери убагында болбогондо былтыркы жылдан эки эсе көп авария болмок"

 

Бүгүн, 29-январда Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин жыйынында депутаттар Бишкек ЖЭБинде 26-январда эмне авария болгонун сурады.

Улуттук энергетикалык холдингдин төрагасы Азамат Абдыкадыров Бишкек ЖЭБинде авария катталбаганын айтты.

"25-январда план боюнча суу түтүктөрү текшерилип жаткан. Ошол учурда суу менен камсыз болгон түтүктө мүчүлүштүктөр чыккан. Бул ЖЭБди жаңылоо учурунда болгон. Дароо мунун алдын алдык. Эгерде 26-январда жылуулук берүүнү токтотуп, ишти жөнгө салбаганда былтыркы жылдан дагы жаман авария болмок. Ошол себептен шаардагы суу түтүктөрүндөгү жылуулук 10-15 градуска түштү", - деди Абдыкадыров.

Маалыматка ылайык, ЖЭБдеги оңдоо иштери 26-январда саат 21:00дө аягына чыккан.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
30.01.2019. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оңдоп түзөбой эле,башка жерге жаңы куруш керек эле да
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: