super.kg logo

"Манас" аэропортунун өкүлү: "Аэропорттун аталышы өзгөргөн эмес. Чыңгыз Айтматов деп эл аралык авиакомпаниялар айтышы мүмкүн"

 

"Манас" аэропортунун аталышы Чыңгыз Айтматов деп өзгөрүлгөн эмес. Бул тууралуу бүгүн, 29-январда SUPER.KG`ге эл аралык "Манас" аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова билдирди. Анын айтымында, эл аралык авиакомпаниялар "Манас" аэропортун Чыңгыз Айтматов деп айтышы мүмкүн.

"Манас" аэропортунун аталышын убагында жазуучу Чыңгыз Айтматов койгон. Балким, жүргүнчү ошону айтып жаткандыр. Бирок кандай атоону эл аралык компаниялар өздөрү чечет. Бул нерсе чет элдиктерди өлкөгө тартуу, туризмди өнүктүрүү максатында жасалышы мүмкүн.

Буга чейин да айрым КМШ өлкөлөрүндөгү сайттарда аэропорттун аталышы туура эмес жазылган учурлар катталган. Биз алар менен байланышып, маалымат базасына аэропорттун аталышын оңдоп койгула деп өтүнгөнбүз. Ал эми, ушундай эле көрүнүш башка сайттарда да кайталанып жаткан болсо биз тиешелүү кат жөнөтөбүз", - дейт Курбанова.

"ЭЛДИК КАБАРга" окурман кайрылып "Манас" аэропортунун аталышы Чыңгыз Айтматов болуп өзгөрүп калды беле? деген суроо узаткан. Ал былтыркы жылдан баштап эл аралык каттам менен жүргөндө, Бишкек шаарына конордо бортто "Манас" аэропортунун аталышын Чыңгыз Айтматов деп жарыялап жаткандыгын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
29.01.2019. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы эмне балеени баштадыңар?
30.01.2019. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KYRGYZ_bolson_BRAT, коомдук адепке туура келбеген билдирүү калтырууга тыюу салынган. БАН!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: