Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Кушбак Тезекбаев кызматтан бошотулду

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Кушбак Тезекбаев кызматтан бошотулду. Бүгүн, 22-июль күнү Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов орун басарын узатып жатып “биз менен аз болсо да саз иштедиңиз, мындан аркы иштериңизди дайыма ийгиликтер коштосун. Сиз үчүн ӨКМнын эшиги дайыма ачык”,- деди. Өз кезегинде Кушбак Тезекбаев да ӨКМда иштеген аз убакыттын ичинде көп тажрыйба топтогонун айтып, жамаатка ыраазычылыгын билдирди. Министрликтин басма сөз кызматынын билдиришинче, Тезекбаев башка ишке которулду.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

