super.kg logo

Бүгүн Биринчи Май райондук сотунда митинг учурунда кармалып, 3 миң сомдон айыпка жыгылгандардын арызы каралат

 

Бүгүн, 30-январда Биринчи Май райондук сотунда Бишкекте өткөн митинг учурунда кармалып, 3 миң сомдон айыпка жыгылгандардын арызы каралат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге "Кырк чоро" бирикмесинин өкүлү Бактыбек Нуралы уулу кабарлады. Анын айтымында, салынган айыпка макул эместигин билдирип сотко жалпы 10дой киши арыз жазган.

"Биз митинг учурунда эч кандай тартип бузган эмеспиз. Ага карабай кармап кетип, айып салып жатышат. Тескерисинче, жеке мен элди тартип сактоого чакырып кыйкырып жаткам. Анын баары видеолорго тартылып калган. Ошондуктан мен жана дагы 10дой киши 3 миң сом төлөөгө каршы болуп арыз бергенбиз. Жазган арыздарыбыз бүгүн райондук сотто каралганы жатат", - деди Нуралы уулу.

Буга чейин 17-январда Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында Кытай жарандарынын өлкөгө мыйзамсыз кирүүсүнө каршы митинг өткөн. Митинг саат 11:00дө башталып, кечки саат 16:30га чейин уланган. Аягында чогулган элдин айрымдары унаалар өтүүчү жолго чыгып кетип, милиция кармап кеткен. Жалпы 21 адам Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, ар бирине 3 миң сомдон айып пул салынган.








 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: