Түркмөн студенттерине телефон пайдаланууга, досторунун үйүнө конокко барууга тыюу салынды
Түркмөнстанда студенттерге телефон менен сүйлөшүүгө, интернет колдонууга, досторунун үйүнө конокко барууга, үйлөнүү-үлпөттөргө катышууга жана өзүнүн мекенинен алыска чыгууга тыюу салынды. Бул тууралуу бир катар студенттер менен мугалимдер журналисттерге айтып беришкенин жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.Маалыматка ылайык, кышкы каникул алдында жогорку окуу жайларда окуган студенттерден жогорудагы тартиптерди сактоо жөнүндө тил кат алынган. Тил катты студенттер 25-январда жазып беришкен. Каникулга тараар алдында Түркмөнстандын борборундагы жогорку окуу жайларда окуган студенттерге өлкөнүн башка аймактарына барууда мамлекеттик автобус, поезд же учакка гана отуруу керек деген талаптар коюлган. Студенттер кышкы каникулдан кайтып келгенден кийин деканга кайсы жакка барып келсе транспорт үчүн сатып алган билетинин копиясын көрсөтө турган болгон.
Буга чейин түркмөн студенттерине машина айдоого тыюу салынган болчу. Мындан тышкары кыздарга зер буюмдарды тагынбоо жана тырмактарына маникюр жасатууга болбой тургандыгы эскертилген.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:51
2025-11-05
Рейтинг:
4
4

Супер-Инфо
super.kg видео

















Көбү бузуку болуп кетти жаман ойлордон алыс кылат экен . Илим жана Билимге болгон кызыгуусун арттыруу максатында иштелип чыккан ченемдик укуктук актылардын долбоорлору мыкты болуптур .