super.kg logo

"50 алгачкы өбүшүү". Японияда жол кырсыгына кабылган кыз күн сайын сүйүктүүсү менен жаңыдан таанышууга мажбур

 
Япониялык 24 жаштагы Мурияма аттуу кыз сүйүктүү мырзасы менен күн сайын таанышууга мажбур. Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, кыз 9 ай мурда жол кырсыгына кабылгандан кийин эс-тутумун жоготкон.
Белгилүү болгондой, Мурияма жигити Ли Хуаю менен 2 жарым жыл кыз-жигит катары мамиле түзүп келишкен. Алар турмуш курабыз деп жатканда Мурияма жол кырсыгына кабылып, оор жаракат алган. Кырсыктын кесепетинен Мурияма эс-тутумун жоготуп жакындарын, досторун жана сүйүктүүсү Ли Хуаюну тааныбай калган.
Мындан улам түгөйлөрдүн үлпөт тою болбой калган. Ли Хуаю "Мурияма мени бир күнү сөзсүз эстейт" деген ишеним менен жашаган. Бирок 2 айдан кийин кыздын абалы жакшырмак түгүл, мындан 1 күн мурунку окуяларды эстей албай баштаган. Ал күн сайын жакын адамдары менен кайрадан таанышканга мажбур болгон.
Дарыгелер Муриямага күн сайын болгон окуяларды жазып коюуну сунушташкан. Себеби бул анын эс-тутумунун кайтуусуна жардам бермек. Бир жолу Мурияма дарыланып жаткан учурдагы бардык окуяларды жазып калып, кийин аны окуп чыккан. Бул көнүгүүдөн кийин Мурияма жигити аны берилип сүйөрүн түшүнүп, сүйүктүү мырзасына үйлөнүү тууралуу сунуш жасаган.
Мурияманын окуясы АКШлык режиссёрлор тарткан "50 алгачкы өбүшүү" тасмасын реалдуу жашоодо кайталап жаткандай. Анткени "50 алгачкы өбүшүү" тасмасынын башкы карманы Люси жол кырсыгынын кесепетинен амнезия оорусуна кабылат. Ал жол кырсыгына чейинки окуяларды эстей алат, бирок жол кырсыгынан кийин эмне болгонун билбейт. Күн ичинде болуп жаткандарды унутуп калат. Анын сүйүктүү мырзасы Генри күндө болуп жаткан окуяларды видеокасетага жаздырып турат. Генри видеолорду эртең менен сүйүктүүсүнө көрсөтүп, маанилүү учурларды эсине салып турат.

кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 6 
Комментарийлер(6)
30.01.2019. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жаман болуптур. Бирок куйоосуно бир чети кунуго жанылык болуп скучно болбойт го дейм уй булодогу жашоо.
30.01.2019. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул жонундо кино да тартылган
30.01.2019. 22:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
monster_high_98,жаман да ушул пейилиң, жогоруда жжазып атса, кайра жазып иии...
31.01.2019. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
warcaw,Тушунбой эле жооп жаза бергендер куйдурот да))
Мен айткандан кийин анан жазышты кино тартылган деп ХХХХХ!
30.01.2019. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ииии жакшы болуп кетсин!
31.01.2019. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интернетте дагы бир окуя журот,боюнда бар кыз кунуго Альцгеймер оорусуна чалдыккан апасына боюнда бар экенин айтып суйунчулойт,апасы жаш баладай кубанат,каждый раз как первый раз(((коруп козуно жаш келет,апасы кореянка,кызы американка,коргуло созсуз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: