super.kg logo

Төрөт учурунда инсульт алып, мурду менен тамактанып калган келин үйгө чыгарылды. Жакындары үйдө анын абалы оорлошуп жатканын айтат

 
Залина Умөталиева жолдошу менен, ооруганга чейин

Төрөт учурунда мээсине кан куюлуп кетип, учурда мурду менен тамактанып калган Залина Умөталиеваны жакындары үйүндө карап жатышат. Бул тууралуу анын жеңеси Салтанат Аманкулова SUPER.KG'ге кайрылып, анын абалына үй шартында кам көрүү ары коркунучтуу, ары натыйжасыз болуп жатканын айтты.

Буга чейин маалым болгондой, Залина Уметалиева өткөн жылдын ноябрь айында 4-наристесин жарык дүйнөгө алып келген. Ошол төрөт учурунда мээсине кан куюлуп кетип, эсин жоготуп койгон. Бала аман-эсен жарык дүйнөгө келген, бирок Умөталиевага дарыгерлер ишемиялык инсульт деген диагноз коюп, ошол күндөн бери өз алдынча кыймылдай албай калган. Бейтап учурда сүйлөй албайт, тамактануусу мурду аркылуу жүргүзүлөт, муктаждыктан улам кекиртеги да тешилген.

"Учурда Залинанын абалы оор, үйгө келгенден бери биз анын абалынын жакшырышына жардам бере алган жокпуз. Төрт баланын энеси, балдарынын бактысына айыгып кетишин Кудайдан жалбарып тилеп отурабыз. Учурда балдарынын экөө күйөөсүндө, улуу кызын өзүнүн апасы, эң кичүү кызын кайненеси багып, баары чачырап турат. Балдар үчүн өз апасынын мээрими, бар болушу өтө маанилүү. Аны ойлоп биз кол куушуруп тура албай калдык.

Ал ноябрда №5-төрөтканадан көз жарган. Ошол учурда инсульт алып, төрөтканада 34 күн жатты. Андан кийин №2-нейрохирургиялык бөлүмгө которулуп, ал жерден операция жасалып, палатага чыгарылды. Кийин апамдан өзүбүз чыгарып кетип жатабыз деген тил кат алып калышкан. Андан кийин биз кайрадан төрөтканага кайрылдык, бирок кабыл алышкан жок. Андан соң абалы оор болуп турса үйгө кантип алып барабыз деп жеке клиникага алып бардык. Ал жерде күнүнө 2 миң сомдон төлөп жаттык, мындан тышкары дары-дармек, дагы керектүү каражаттарга акча кетип жатты. Акыры алыбыз келбей калганда үйгө чыгарып кетүүгө аргасыз болдук", - дейт Аманкулова.

Ошондой эле ал акыркы күндөрү бейтаптын дене табы 39-40ка чыгып "Тез жардам" кызматын байма-бай чакыргууга аргасыз болуп жатышканын белгиледи.

"Дене табы көтөрүлүп, абалы оорлошкондо чуру-чуу түшүп, коркуп кетебиз. Келген "Тез жардамдын" баары ооруканага албайт дешет. Төрөтүн кабыл алган дарыгерлердин үстүнөн арыз жазганыбыз менен, бул боюнча бизге бир адам басып келе элек. Төрөткө такыр тиешеси жок, жөн гана абалыбызды уккан нейрохирург бар, ал Таш-Төбөдөгү (Воронцовка) Курортология илим изилдөө борборунан келип, кандай кам көрүү керек экенин айтып, жардам берип турат.

Дарыгерлердин арасында ушундай ак жүрөк адамдар да бар, бирок Залина жыгылгандан бери негизинен акча чоң ролду ойной турганын, көпчүлүгү ошого карата иш алып барарына ишенип калдым. Ушундай абалдагы адамды өзүңөр карагыла деп ооруканалардын кабыл албай койгонун такыр түшүнө албайм, биз сыяктуулар көп болуп жаткандыр деген ой келет", - дейт ал.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(25)
30.01.2019. 13:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Сакаыйп кетсин
30.01.2019. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Аллахым шыпаа берсин
30.01.2019. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Жараткан Тенирим ден соолук берсен. Кырсыктан сактасын.
30.01.2019. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Мына оокат оокат деп журо бербей ден соолука да конул бурганды унутпаш керек. Ден соолук болуп турганда ооруну эстебейт экенбиз, бирок ооруганда ден соолукту ар дайым эстеп байтайбыз.
30.01.2019. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Аллахым шыпаасын берип айыгып кетсин балдарынын бактысына бар болсун.
30.01.2019. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+18
Эх коруп журогум ооруп кетти бакуш келин кандай кыйналып атты экен.((( Аллахым шыпаасын берип балдарынын мандайына аман болсо экен.
30.01.2019. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+29
Келгиле ким ушул жанылыкты окуса жок эле дегенде алакан жайып ушул келинге шыпаа тилеп дуба кылып коелу. Колубуздан келгенибиз акчалай жардамдашалы.
30.01.2019. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Жол жобосу бар бекен айыктырганы сакайып кетсе колунда бар адамдар жардам бергиле мен да дуа кылдым сакайып кетсинчи энелер аман болсунчу ооомиин
30.01.2019. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кудайым шыпаа берип айыгып кеткенге жардам бере кор,балдарынын бактысына сакайып кетишин каалайм!
30.01.2019. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аллахым шыпаасын берип айыгып кетсин, балдарынын жакшылыктарын корсун. Оомиин
30.01.2019. 17:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым шыпаасын берип бат айыгып кетсин.
30.01.2019. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир жакка алып бара турган болсонор акча топтойлук, жакшы болуп кетсин ылайым!!!
30.01.2019. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллаhым шыпаасын берсин. Балдарынын бактысына сакайып кетсин.
30.01.2019. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Тенир озун сактай кор ар кайсы оорулардан. Тенирим кырсыктан сактасын.
31.01.2019. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nuri1,ушул жерде да тениринди кыпчыйсын адам ооруп жатса
30.01.2019. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мындай нерсе биздин башыбыздан да откон. Кандай оор нерсе ушкурунуп отуруп калдым. Эмне дешти билбейм соз менен айтып тушундуро албайм . Озунорду катуу кармап сабыр кылгыла
31.01.2019. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шыпаа берсин Аллахым
31.01.2019. 13:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Соо кезин коруп кул болуп куйуп кеткин келетго аялдар ит жанбызда баардык кыйынчылыка чыдайбыз боюбузда бар кезде дыккат текшерилип ден соолугубузга жакшы карасак дейм.Тороп тороп убайын сыйын короордо олуп калбай. Алтыным чыдап жашоого аракет кылсан экен балдарындын пешенесине сакайып кет ылайым оорусун берген АЛЛАХ созсуз шыпаасында берет.
31.01.2019. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым дартын берсе, созсуз шыфаасын берет.
31.01.2019. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ Жаратканым,балдарынын бактысына айыгып кетсин!!!
31.01.2019. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ооо Алаххым ушул келинге ырайым кылып, шыпаанды бере кор, чырактай балдары,жароокер жолдошунун пешенесине жакшы болуп,бактылуу омур кечирсин ылайым. ТВдан жолдошунун уйурулуп тушуп, бетинен ооп карап жатканын, келинчеги жонундо айтып берип жатып, ыйлап суйлой албай калганын коруп аябай боорум ачыды. Мындай жолдоштор чанда гана, коптору качып кетишет аялым оорукчан болуп калды деп.Жолдошунун Алладан тилегенин Кудайым берсин ылайым.Жакшы болуп кетсин. Оомийн.
31.01.2019. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай балдарды апасынан ажыратпасын,баатырак сакайып кетсин.Ооруну берген Кудай шыпаасын кошо берсин.
31.01.2019. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Тенирим элибизге ден соолук берсин. Эч ким оорубасын.
01.02.2019. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым шыпаасын берсин.аамин!!!балдарынын бактысына тез арада сакайып кетсин..дуа кылалы!!
01.02.2019. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла Таала шыпаасын берип,балдарын мээримге болосун ин шаа аллах.
Энени баладан, баланы энеден ажыратпасын кудайым!
бир жакшына уй було экен.

1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: