super.kg logo

"Мунапыс берүү жөнүндө мыйзам долбоорунда сталиндик репрессия тууралуу жазылыптыр, буга коммунисттер кандай карайт?" деп сурады депутат

 

"Мунапыс берүү жөнүндө мыйзам долбоорунда сталиндик репрессия тууралуу жазылыптыр, буга коммунисттер кандай карайт?" деп бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Дастан Бекешев сурады.

Учурда жыйында "Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 70 жылдыгынын жана Кыргыз Республикасындагы 1938-жылкы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгынын урматына мунапыс берүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.

“Мыйзам долбоорунда Кыргыз Республикасындагы 1938-жылкы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгы тууралуу жазылыптыр. Коммунисттер кандай карайт?” – дейт Бекешев.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Исхак Масалиев бул ката бойдон калып калганын айтып, ката жоюла турганын билдирди.

Бекешев: “Мен сизди коммунисттерден демократтардын катарына өткөн экен деп ойлогом”, - дейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: