super.kg logo
  Саясат  

Тайырбек Сарпашев: “Муниципалдык кызматкерлердин санын кыскартуу менен айлык акыны 2,5 эсеге көтөрүү мүмкүнчүлүгү пайда болду"

 
“Муниципалдык кызматкерлердин санын кыскартуу менен айлык акыны 2,5 эсеге көтөрүү мүмкүнчүлүгү пайда болду”,- деди вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Ысык-Көл облусундагы Чолпон-Ата шаарынын тургундары менен жолугушу учурунда. Айтымында, Кыргызстанда 10 700 муниципалдык кызматкер бар. “Изилдөөлөрдүн жүрүшүндө 700 орун айлык акынын аздыгына байланыштуу бош экендиги белгилүү болду. Ошондуктан көпчүлүк айыл өкмөттөрүндөгү иштеп жүргөн кызматкерлерди кыскартууга туура келди. Облустук аппараттын кызматкерлеринин саны көбөйүп кеткени буга себеп болду. Жумушчу орунду 10 пайызга кыскартып, айлык акыны 2,5 эсеге жогорулаттык,- деди Сарпашев. Белгилей кетсек, 1-августтан баштап өкмөт жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын кызматкерлеринин маянасы жогорулаарын билдирген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: