super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнө тигини шайлап кой" деген буйрук болбосун"

 

"КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнө тигини шайлап кой деген буйрук болбосун", - деп бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

Анын айтымында, жогорку жактан көрсөтмө болду деп бир талапкердин аты аталууда. "Парламентке болгон мамилени өзгөрткүлө да. Премьер-министрди же каржы министрин шайлап жатсак бир жөн. Байкоочу кеңештин төрагасы эмес, мүчөсүн шайлаганга киришсек, анда парламенттин кадыр-баркын түшүрүп, сынга кабылабыз. Эң көп добуш алган адамды эмес, башка адамды шайлап койсок кандай болот?

КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөлүгүнө тигини шайлап кой деген буйрук болбосун. Бирөө ошентип айтса трибунага чыгып айтабыз", - деди депутат.

Учурда Жогорку Кеңеште КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө маселе каралууда.

Депутаттар түшкө чейин талапкерлерге жашыруун добуш беришип, эң көп добушту талапкер Чынар Капарова алды. Айрым эл өкүлдөрү жыйынга келбеген талапкерге добуш берилбей калганын айтышып, чечим жокко чыгарылды. Кайрадан добуш берүү маселеси каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: