super.kg logo
  Саясат  

Депутат: "Төрага бизге 10 мүнөт убакыт бербей коюп, өзү сессияны калтырып 10 саатка кетип калды"

 

Өткөн шаршембиде төрага 10 мүнөт убакыт бербей, өзү облус кыдырганга 10 саатка кетип калды. Мындай пикирин бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мыктыбек Абдылдаев билдирди.

"Мен тамаша иретинде бир фактыны айтайын. Өткөн шаршемби күнү депутат Зарылбек Рысалиев 10 мүнөт убакыт сурады эле. Ошондо президиум бербей койдуңуздар, булар кеңешели десе. Анан Дастан Артисбекович мага мыйзамды көрсөттү, мына 35-беренеде "сессия убагында фракция жыйын өткөрө албайт, комитет өтпөйт, комиссиялар иштебейт" деп. Мен ошондо айттым эле, бекер кылдыңыз окуп, аягына чейин окубайсызбы. Аягында сессия күнүндө шайлоочулар менен иштөө да болбойт деп жазылып турат. Эртеси күнү өзү 2-3 депутатты алып, Жалал-Абад облусун кыдырып кетип калды. Сессия болсо болуп жатат. 10 мүнөт бербей 10 саатка кетти төрага. Анан ушулбу мыйзамды сыйлаганыбыз? Мен билемдикти токтотуңуздар! Токтотуш керек да, мыйзам менен иштеш керек. Этиканы сакта дейсиңер, бирок анда силер иштегиле, окугула, мамлекетти алдыга жылдыргыла. Ошондо силерге сын-пикир аз болот. Мен муну бул бийлик бутактарына тийиштүү кылып айтып жатам. Анан чала молдо дин бузат болуп, баарыбыз ушинте берсек эртең такыр авторитетибиз калбайт. Мамлекеттик тартип менен иштейли", - деди эл өкүлү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: