super.kg logo

Албек Ибраимовдун жактоочусу соттук ишти Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берүүнү өтүндү

 

Октябрь райондук сотунда каралып жаткан экс-мэр Албек Ибраимовдун иши боюнча жактоочу Сергей Слесарев ишти Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берүү тууралуу өтүнүч келтирди.

"Мыйзам боюнча кылмыш иши кайсы аймакта катталса, ошол аймактын сотунда каралышы керек. Ал эми кылмыш бир нече аймакта болсо тергөө иши жыйынтыкталган аймактын соту ишти кароого тийиш. Тергөө Биринчи Май райондук Ички иштер бөлүмүндө жыйынтыкталганына байланыштуу бул ишти аталган райондук сотуна өткөрүп берүүнү суранам", - деди жактоочу.

Калган жактоочулардын айрымдары Слесаревдин пикирин колдой турганын билдиришсе, айрымдары сот кандай чечим чыгарса, ошого макул экенин билдиришти. Слесаревдин пикирине каршылыгын билдирген жактоочулар болгон жок. Сот чечим чыгаруу үчүн башка бөлмөгө чыгып кетти.

Буга чейин Сергей Слесарев сотко ишенбөөчүлүк көрсөтүп, ишти башка соттун кароосун өтүнгөн. Бирок сот бул өтүнүчтү канааттандырган жок.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин “Дастан” ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. Кийинчерээк Ибраимовго карата “коррупция” беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: