super.kg logo

Албек Ибраимовдун соттук отуруму белгисиз мөөнөткө жылдырылды

 

Бүгүн, 30-январда Октябрь райондук сотунда экс-мэр Албек Ибраимовдун иши каралган соттук отуруму өттү.

Ибраимовдун жактоочусу Сергей Слесарев соттук ишти кароону Биринчи Май райондук сотуна өткөрүп берүүнү суранып, бирок судья бул суранууну четке какты. Буга байланыштуу жактоочу бул чечим боюнча Бишкек шаардык сотуна даттана турганын билдирди.

Жыйынтыгында шаардык сот даттанууну караганга чейин соттук отурумду жылдырды.

Окуянын чоо-жайына кайрылсак:

Албек Ибраимовго карата 2018-жылдын май айында “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же жок кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бул иш экс-мэрдин “Дастан” ишканасын жетектеп турган мезгилге байланыштуу экендиги айтылган. Июль айында ал ушул эле кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. Кийинчерээк Ибраимовго карата “коррупция” беренеси боюнча жаңы айып угузулган. Анда ал Бишкек шаарынын түштүк аймагында жайгашкан муниципалдык жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга айыпталууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: