super.kg logo
  Саясат  

Укук коргоочу Динара Ошурахунова: "Бийлик өзү коррупцияга малынганы үчүн мындай иштердин бетин ачпай жатат”

 

Коомчулукта Бажы кызматында көп жыл иштеген Райымбек Матраимовго карата "миллион" деген ат коюлуп, коррупцияга шектелиши, Жогорку Кеңештин депутатынын аткезчиликке айыпталып коңшу өлкө тарабынан кармалышы, аткезчилердин атышуулары, ЕАЭСке кирген өлкөлөрдүн нааразычылыктары Кыргыз Бажы кызматында ири коррупция бар экенине жетиштүү негиз.

Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Эмнеге бийлик бул тармактагы коррупциянын бетин ачып, жойбой жатат?" деген соболуна укук коргоочу Динара Ошурахунова жооп берди.

Ошурахунова Кыргыз мамлекетинде кайсы жакка барба баарында коррупция бар экенин айтты.

“Бийлик өзү коррупцияга малынганы үчүн мындай иштердин бетин ачпай жатат. Кыргыз мамлекетинде кайсы жакка барба бардык жакта коррупция бар. Бирок Бажы кызматында коррупциянын казаны кайнайт. 2010-жылы убактылуу өкмөттөгү болжол менен Азимбек Бекназаров менен Алмазбек Атамбаевдин урушу деп айтылып интернетке чыгып, ошол учурда Райым “миллион” боюнча уруш дагы болгон. Ага карабастан Райымбек Матраимовду өзүнө алып алды. Атамбаев президенттиктен кеткенден кийин Матраимовду коррупционер деп кайра эле өзү айтып чыкты. Эгерде азыркы бийлик ошол коррупциялык схеманы изилдебесе, анда бизде шек жаралат. Азыркы бийлик бажыдагы коррупциялык схеманы өздөрүнө иштетип жатат. Бийлик бул тармактагы коррупциянын бетин ачып баштаса, биз жакшы деп билип жүргөн адамдардын аты аталып калышы мүмкүн. Анткени бийликте отурган адамдардын кызыкчылыктары толтура. Ошондуктан бул жактагы коррупцияны көзөмөлдөп, оңдогонго саясий эрки жетпейт”, - деди укук коргоочу.

Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина, Рыскелди Момбеков, саясат таануучу Даниел Кадырбеков, Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча ишкердик кеңешинин төрайымы Нурипа Муканова, укук коргоочу Рита Карасартова жана активист Адил Турдукуловдун пикири бул шилтемеде.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: