super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 31-ЯНВАРЬ: Футбол боюнча Кыргыз улуттук курамасынын оюнчусу Турсунали Рустамов 29 жашка толду

 

Бүгүн, 31-январда футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу Турсунали Рустамов 29 жашка чыкты. Ал 1990-жылы жеке ишкердин үй-бүлөсүндө төрөлгөн.

1990-жылдары Турсунали Рустамовдун үй-бүлөсү Тажикстандан Кара-Балтага көчүп келишкен. Кичинекей кезинен футболго кызыккан Турсунали "Кара-Балта" командасында машыгып баштап, кийинчерээк Биринчи Лигада ойноп баштаган.

Алгачкы сезонунан кийин эле Турсунали Рустамовго өлкөдөгү бир топ клуб көңүл бурат. 2009-жылы Рустамов "Шер" командасы менен келишим түзүп, аны менен 2 сезон ойнойт. Мындан кийин ал "Алга" жана "Дордой" футболдук клубдарында ойноп 2014-жылы тажикстандык "Хужанд" футболдук клубунда өтөт.

Турсунали Рустамов Тажикстанда карьерасын улантууну каалабай кайрадан бишкектик "Алгага" кайтып келет. 2016-жылы Оштун "Алай" командасында ойноп, 2017-жылы "Алга" клубуна өтөт. Учурда "Алга" футболдук клубунун оюнчусу болуп келет.

Кыргыз жерине көчүп келгенден кийин Турсунали Рустамов Кыргыз курама командасына чакыруу алган, бирок ал ошол кезде Тажикстандын курама командасына чакыруу күтүп жаткан. Тажикстандан чакыруу келбей, Турсунали Рустамов Кыргыз олимпиадалык курама командасына кошулуп, аны менен 2010-жылы Азия оюндарында ойногон. 2012-жылы Рустамов жаштар арасындагы Кыргыз курама командасы менен Шериктештик Кубогуна катышып, ал жактан 5 гол жараткан.

Кыргыз улуттук курама командасында алгачкы оюнун 2012-жылы Казакстан курамасына каршы беттеште өткөрүп, 2013-жылы Беларусь курамасына каршы беттеште алгачкы голун киргизген.

Турсунали Рустамов 2019-жылы Бириккен Араб Эмираттарында өткөн футбол боюнча Азия Кубогунда дагы катышты. Анда Рустамов Түштүк Корея, Филиппин жана БАЭ курамаларына каршы беттештерге катышып, 1 гол жаратканга үлгүргөн. Рустамов Азия Кубогунда Бириккен Араб Эмираттары курамасына каршы беттеште айырмаланган.

Беттештин 76-мүнөтүндө Турсунали Рустамов Ахледин Исраиловдун ордуна оюнга кошулуп, 92-мүнөттө бурчтан көтөрүлгөн топту дарбазага багыттап эсепти 2:2 кылган.

31-январга карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.01.2019. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
92-муноттогу голунуз ушундай кубаныч тартуулаган,копко унутпайбыз ал голду!)))
Туулган кун кут болсун!
Ден-соолук,бакыт-таалай каалайбыз!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: