super.kg logo

Тартип комиссиясынын төрайымы: "Бир жылда 74 судьяга тартип жазасы колдонулду"

 

2017-жылдын ноябрь айынан 2018-жылдын аягына чейинки аралыкта 74 судьяга тартип жазасы колдонулду. Мындай маалыматты бүгүн, 31-январда Судьялар кеңешинин алдындагы тартип комиссиясынын төрайымы Кымбат Архарова аталган мекеминин ишмердүүлүгүнө байланышкан жыйында билдирди.

Анын айтымында, Тартип комиссиясынын дарегине бир жылда жалпы судьялардын үстүнөн 1700гө жакын арыз келип түшкөн.

"Келген арыздардын 400гө жакыны бүгүнкү күндө каралып жатса, 246 арыз боюнча кызматтык териштирүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында 74 судьяга тартип жазасы колдонулган. Алардын ичинен 44 судья алдын ала эскертүү, 17си эскертүү, 8и сөгүш, 5и кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган", - деди Архарова.

Комиссия төрайымы кошумчалагандай, 1700 арыздын 172си боюнча судьяларга чара көрүүдөн баш тартылган. Мындан сырткары прокуратура тарабынан судьяларга кылмыш ишин ачуу боюнча 5 сунуш келтирилип, төртөөнө макулдук берилип, бирөөнөн баш тартылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: