Ош шаарынын вице-мэри Алимжан Байгазаков Индонезиянын Кыргызстандагы өкүлү менен жолугушту
Бүгүн, 22-июлда Ош шаарынын вице-мэри Алимжан Байгазаков Индонезиянын Кыргызстандагы өкүлү Мохаммад Асрухи менен жолугушту. Жолугушууда тараптар эки өлкө ортосундагы мамилелерди, соода-экономикалык байланыштарды, маданият, туризм тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө тууралуу пикир алышты. Ошондой эле жыл сайын өтүүчү Индонезиядагы бизнес форумга Ош шаарынан ишкерлерин катыштыруу макулдашылды. Соңунда Байгазаков бул колдоо үчүн Индонезиянын Кыргызстандагы өкүлүнө ыраазычылык билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

