super.kg logo
  Саясат  

Депутат мамлекеттин эсебинен экс-президент, премьер-министр, төрагаларды өмүр бою камсыздоону сунуштады

 

“Өнүгүү-Прогресс” фракциясынан депутат Мирлан Бакиров мамлекеттин эсебинен экс-президенттерди, премьер-министрлерди, төрагаларды өмүрүнүн акырына чейин үй, унаа, атайын күзөт менен камсыздоо сунушталып, ал мыйзам долбоору кечээ коомдук талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин расмий сайтына жайгаштырылган. Бирок мыйзам долбоору коомчулукта кызуу талкууга алынган соң депутат аны убактылуу артка кайтарганы маалым болду.

Документке ылайык, экс-президенттер, премьер-министр жана парламенттин төрагасы кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартылбайт, камакка алынбайт, тинтүүгө уруксат берилбейт жана суракка алынбай турганы сунушталган. Андан сырткары аталган жетекчилердин үй-бүлө мүчөлөрүнө социалдык-медициналык, курорттук жана турмуш-тиричиликтик кызматтар көрсөтүлсүн деген сунуш айтылган.

"Сунушталып жаткан мыйзам долбоору мамлекеттик бийликтин биримдигин жана уланымдуулугун, анын ишмердүүлүгүнүн укуктук, социалдык, тиричиликтик шарттардан көз карандысыздыгын камсыз кылуу максатында иштелип чыкты.

Улуттук жана эл аралык мыйзамдардын аракеттеги нормаларын талдоонун натыйжасында тастыкталгандай, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунун жоболору аракеттеги нормативдик укуктук актыларга каршы келбейт.

Мыйзам долбоорун кабыл алуу укук коргоочулук, социалдык, экономикалык. коррупциялык, гендердик терс натыйжаларга алып келбейт. Бул мыйзам долбоорун кабыл алуу мамлекеттик бюджеттен кошумча финансылык сарптоолорду талап кылбайт", - деп жазылган документте.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -14 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: