super.kg logo

Ошто ижарага алынган батирде кароосуз калган эки кичинекей кыздын апасы дале табыла элек

 

Ошто ижарага алынган батирде кароосуз калган эки кичинекей кыздын апасы дале табыла элек. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 31-январда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Мекеменин басма сөз катчысы Замир Сыдыковдун айтымында, милиция тарабынан издөө иштери улантылууда.

"Кыздардын апасы табыла элек. Мүмкүн жакындары байланышып калабы десек, эч ким байланыша элек. Азыр милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп жатат. Кыздардын апасы сөзсүз табылат", - деди Сыдыков.

Ош ШИИБи 30-январь күнү шаардагы Ѳзгѳн кѳчѳсүндө жайгашкан үйлөрдүн бириндеги бир бөлмөлүү батирден кароосуз калган эки кичинекей кыз табылганын кабарлап, апасын издөөгө киришкен. Маалым болгондой, кыздардын апасы 10 күн мурун жумушка кеткен бойдон кайтып келген эмес. Азырынча кыздардын апасынын аты-жѳнү белгисиз болууда. Кыздардын улуусунун айтымында, өзүнүн аты Мадина, кичүүсүнүн аты Бубина. Ал эми апасынын аты Хаитхон.

Сүрөттөгү кыздардын апасын таанып билгендер болсо, Ош шаардык милициянын 03222 2 10 06 телефон номуруна же 102ге чалып кабарлап койсоңуздар болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
31.01.2019. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кантип тааныйбыз козуну тосуп койсонор
31.01.2019. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
бул жагы табышмакго көзүн жаап туруп эми таап алгыла дегениго көзүн жаап салганынар үчүн табылбай ататда.
01.02.2019. 00:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ байкуш чиедей болгон балапандар десе , ушул сонку кабардан ыйлап чыкмай болдумго, устудо лейкоз менен ооруган баланы бир ыйласам эми булар .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: