"Акыркы жолу сүйлөшкөнүбүздө "апа, апа" деп кыйкырып, байланыш үзүлгөн" дейт 6 айдан бери дайынсыз болуп жаткан аскер кызматкеринин апасы
Балыкчыдагы аскердик бөлүмчөнүн командири Эмилбек Бактыбековдун дайынсыз болуп жатканына 6 айдан ашты. Апасы Майрамкан Үсөнова SUPER.KG порталына кайрылып, уулу дайынсыз болгон күндөн тартып тынч уктай албай калганын айтты.
Эмилбек Бактыбеков 2015-жылдан тартып Чүйдүн Кой-Таш айылындагы аскердик бөлүктө кызмат кылган. Кийин 2018-жылдын апрель айында Балыкчы шаарындагы аскердик бөлүмгө которулган.
"Балам Балыкчыдагы аскер бөлүктө кызмат өтөп жүрүп, лейтенант аскердик наамынан кийин, улук лейтенант наамын алган. Анда бизге кубанычы менен бөлүшүп чалып, аны Ошко которуп жатканын да айткан болчу.
Ошондо 24-июль болчу, "Апа, жакында 6-7 аскер кызматкерлери менен үйгө барам, бизди коноктойсуңар" деген кубанып. Ошондон көп өтпөй эле телефону өчүп, байланышпай калдык. 3 күн дайыны жок болду. 27-июлда мен кайра чалсам телефонду алып "Апа, апа" деп 2 жолу кыйкырды да, байланыш үзүлүп калды. Кийин атасы келип, "бүгүн уулуң менен сүйлөштүм, карыздарым бар эле төлөп коюңузчу дейт" деп айтып келди. Ошондон кийин телефону такыр иштеген жок.
Кийин күйөөм Балыкчыга барып кийим-кечесин алып келди. Ал жерде "балаң эмгек өргүүсүнө чыккандан кийин дайынсыз болуп жатат, биз эч нерсеге жооп бере албайбыз" дешиптир. Бирок бөлмөсүндө бардык кийимдери илинип эле туруптур. Болгону аскердик параддык кийими жок, анын да баш кийими бөлмөсүндө экен. Демек, ал өзү алыска барууну пландаган эмес, болбосо кийим-кечесин даярдамак да", - дейт эне көз жашын тыя албай.
Айтымында, Эмилбек Бактыбеков үйдө улуу баласы, ал аскер кызматында иштөөнү эңсеп жүрүп, өз ыктыяры менен ушул жолду тандап алган.
"Ошондон бери алты ай өтүп жатат. Балыкчыдагы аскер кызматынан бир адам басып келип, абалыбызга кызыгып койгон жок. Итиң жоголсо да издейсиң да, алар болсо эмгек өргүүсүндө жоголду дегенди бетке кармап алышты. Ош облустук аскердик прокуратурасына 2 жолу чакырып түшүнүк кат алышты. Андан башка табышууга такыр жардам көрсөтүлгөн жок. Дайынсыз болгондон көп өтпөй Бишкек шаарындагы Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө да арыз жазганбыз. Андан да жыйынтык чыккан жок.
Алты айдан бери аскер кызматкеринин дайынын таба албаган Куралдуу күчтөргө, күч органдарына таң калып жатам. Мен болсо кан басымым көтөрүлүп, ооруп калмай болдум. Уулумдун дайыны жоголгон күндөн тартып уйкуну унуттум, кантип уктайм, баламдын аман же башка экенин билбей жатсак", - дейт Үсөнова.
Эмилбек Бактыбековду көргөн-билгендер болсо, 0550 93 12 16, 0703 53 50 40, 0771 74 76 23 номерлерине байланышып, анын жакындарына кабарлап коюуну апасы Майрамкан Үсөнова өтүнөт.
SUPER.KG порталы экинчи тараптын пикирин угуп жарыялоого даяр.
кошулду











1 |