super.kg logo

Депутат: "Тынч чогулуштарда жалпыга маалымдоо каражаттарынын тоскоолдуксуз иштөөсүн камсыз кылуу керек"

 

Бүгүн, 31-январда Жогорку Кеӊештин жыйынында "Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору 1-окууда каралды.

Мыйзам долбоорун жалпы жыйынга – ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов баяндама жасады. Ал жаӊы жылдан тарта бир катар кодекстер менен мыйзамдар күчүнө кирип, иштеп баштаганына токтолуп, сунушталган мыйзам долбоору аларга дал келтирүү максатында иштелип чыккандыгын айтты. Ошондой эле сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор ички иштер органдарын мындан ары жакшыртууга багытталгандыгын билдирди.

Жыйында милиция кызматкерлеринин тартиби тууралуу талкуу жаралды.

Мындан тышкары, депутат Жанар Акаев тынч чогулуштарда жалпыга маалымдоо каражаттарынын тоскоолдуксуз иштөөсүн камсыз кылуу керектигин айтты.

"Тынч жыйындарды чагылдырууда өз милдеттерин аткарып жаткан журналисттерге тоскоолдук жаратпоо керек. Аларды автобустарга колу-бутун кайрып салып кетпей", - деди Акаев.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорунун концепциясы добуш берүүгө жиберилди.

Белгилей кетсек, 17-январда "Ала-Тоо" аянтында өткөн митингде иштеп жаткан журналистти милиция кызматкерлери кармап, автобуска салып кетишкен эле. Мындан улам SUPER.KG порталы, "Супер-Инфо" гезити жана SUPER TV'нын журналисттери милициянын маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнө карата жасаган мамилеси боюнча нааразычылык акциясына чыгышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: