super.kg logo

АКШда аба ырайы Түндүк уюлдан дагы суук болууда

 

АКШда аба ырайы -53 градуска чейин төмөндөп, Түндүк уюлдан дагы суук болуп жатат. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, суук Дакота штатынан баштап Мэн штатына чейин болууда. Мындай сууктан сактануу үчүн терең дем албоо жана аз сүйлөшүү сунушталууда. Аба ырайынын кескин түрдө өзгөрүүсүнөн улам 2457 аба каттамы, 1360 темир жол каттамы, коомдук транспорттор, мамлекеттик мекемелер жана мектепте окутуулар токтотулган. Учурда сууктан 7 адам жабыр тартканы айтылууда.

Мындай суук аба ырайы 1985-жылы Чикагодо катталып, -53 градуска чейин жеткен.

Чикаго штатынын полиция кызматкерлери көчөдө тапанча менен тоноолор көп болуп жаткандыгын кабарлашкан. Учурда тоноочулар арасында баасы миң долларды чапчыган курткаларга чабуул көп болууда.

АКШдагы катуу сууктан улам Чикагодо темир жол каттамы үзгүлтүккө учурабоосу үчүн рельстерди өрттөп жатышат.

АКШда канчалык деңгээлде суук болуп жаткандыгын төмөнкү видеолордон байкоого болот.

Сууктан улам Нью-Йорк штатындагы Ниагара шаркыратмасынын айрым бөлүгү тоңуп калган. Бул көрүнүш туристтердин суктануусун арттырууда. Төмөндөгү видеодо Ниагара шаркыратмасынын күндүзгү жана түнкү көрүнүшү.

АКШнын Чикаго штатындагы суук аба ырайын төмөндөгү видеодон көрүүгө болот.
Ал эми бул видеодогу кыз чачын жууп сыртка чыккан учурда чачы бир заматта тоңуп калган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
01.02.2019. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушундай суукта, Ниагара шаркыратмасын көрөбүз деп, жылуу жактан барган туристтер тоңуп өлүшпөгөй эле
01.02.2019. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Куткаруучуларга респект!!!!!!
01.02.2019. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туалетке кириш коркунучтуу го.
01.02.2019. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кинодогулар чыныгы жашоодода болуп тан калдыратко
01.02.2019. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Айтмакчы, булардын ТЭЦти эмне болду экен мындай суукта.
Firdaus-Muslim түзөттү 2019-02-01 22:27:36
02.02.2019. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай суук бизде болсо ЖЭБ ибиз жок болуп кетмек...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: