super.kg logo

Шашылыш билдирүү! 5-февралдан тарта өлкө аймагы боюнча кар жаап, абанын температурасы кескин төмөндөп, суук болот

 

5-7-февралда туруксуз аба ырайы күтүлөт, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаап, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланышы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жана Ысык-Көл облусунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Тоолуу райондордо кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Бишкек шаарында 5-февралдан баштап кар жаашы күтүлөт. Абанын температурасы 5-февралда +1...-10, 6-февралда -14...-18, 7-февралда -10...-18, 8-февралда -3...-10 градуска чейин түшүп, 9-февралда +2 градуска чейин жылыйт.

Ош облусунда 4-февраль күнү түштөн кийин жаап баштаган жамгыр 5-февралга караган күнү карга айланышы күтүлөт. Абанын температурасы 5-февралда -4...+1, 6-февралда -5...-13, 7-февралда -8...-15, 8-февралда -6...-14, 9-февралда -2...-14, ал эми 10-февралда температура + көрсөткүчкө өтөт.

Жалал-Абад облусунда 5-февралда эртең менен жаап баштаган жамгыр карга айланышы күтүлөт. Абанын температурасы 5-февралда +3...-3, 6-февралда -3...-14, 7-февралда -8...-17, 8-февралда -5...-17, 9-февралда -3...-16 гардуска чейин суук болот.

Баткен облусунда 4-февраль түштөн кийин жаап баштаган жамгыр 5-февраль күнү карга айланат. Абанын температурасы 5-февраль күнү +2...-5, 6-февраль күнү -6...-10, 7-февралда -6...-12, 8-февралда -4...-9, 0...-7 градуска чейин суук болуп, 10-февралдан тарта кайрадан жылуу болот.

Талас облусунда дагы 5-февраль күнү кар жаап баштайт. Абанын температурасы +1...-11 градуска чейин төмөндөйт. 6-февралда -12...-16, 7-февралда -7...-14, 8-февралда -5...-9, 9-февралда -7...-14 гардуска чейин төмөндөйт.

Чүй облусунда 5-февралда кар жаашы күтүлөт, абанын температурасы 0 градустан -16 градуска чейин төмөндөйт. 6-февралда -16...-22, 7-февралда -13...-23, 8-февралда -10...-15, 9-февралда +2...-14 градус суук болот.

Ысык-Көл облусунда 5-февралда кар жаап баштайт. Абанын температурасы -3...-10, 6-февралда кар басылбай жаап, -11...-14 градус, 7-февралда кар басылганы менен -13...-16 градуска суук, 8-февралда -11...-13, 9-февралда -11...-13 градуска суук болуп, мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

Нарын облусунда да 5-февралда кар жаап баштайт. Абанын температурасы 5-февралда -7...-11, 6-февралда -11...-19, 7-февралда -18...-26, 8-февралда -15...-23, 9-февралда -13...-21 градуска чейин төмөндөп, суук болот.

Мындай туруксуз суук аба ырайы энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, ошондой эле кышкы жайыттарда малды кармоону кыйындатат. Катуу жаан жааган убакта унаа жолдордо көрүү аралыгы төмөндөп, автоунаалардын жүрүшүн кыйындатат.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
01.02.2019. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Екатеринбургда да суук КРга барат. Бизде -40 ка чейин болот, азыр -20-25 болуп атат, кар дагы жаайт. КР еще терпимо экен.
04.02.2019. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чилде чыкты, эми [moderated]дер айтмакчы торпоктун чуркаганы саманканага чейин эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: