super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 31-ЯНВАРЬ: Мындан 95 жыл мурун СССРдин биринчи Конституциясы кабыл алынган

 

1924-жылы 31-январда СССРдин биринчи Конституциясы кабыл алынган. Ал эки бөлүктөн - СССРдин түзүлгөндүгү тууралуу декларация жана келишимден турган. Конституцияга ылайык, СССРге Орусия СФСРи, Украина ССРи, Белоруссия ССРи, Закавказье СФСРи, Азербайжан ССРи, Грузия ССРи жана Армения ССРи кирген. Ошондой эле СССРдин Эл комиссарлар кеңешинин, Борбордук аткаруу комитетинин, анын Президиумунун декреттери жана токтомдору союздук республикаларда колдонулган тилдерде (орус, украин, белорус, грузин, армян, азербайжан) басылып чыгууга милдеттүү болгон. Ошол учурда азыркы Кыргыз мамлекетинин, Казакстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын аймактары Кыргыз Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы жана Түркстан Автономиялык Советтик Социалисттик Республикасы деп аталып, Орусиянын курамына кирген. СССРдин кийинки конституциясы Иосиф Сталиндин бийлиги учурунда, 1936-жылы бекитилген.

31-январга карата жылнаама.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: