“КРнын Өкмөтү жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизилди
Президент Алмазбек Атамбаев “КРнын Өкмөтү жөнүндө” Конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 13-июнда кабыл алынган. Ал ченемдердин карама-каршылыгын жана кайталануусун жокко чыгарууга багытталган бир катар жоболорду тактоо максатында, ошондой эле өкмөттүн тутумунда иш милдетин аткарган мамлекеттик органдардын ишин оптималдаштыруу үчүн кабыл алынган. Бул мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:58
2025-06-29
13:11
2025-06-29
21:17
2025-06-27
Рейтинг:
0

