super.kg logo
  Саясат  

Бүгүн Жогорку Кеңеште "Республика-Ата Журт" фракциясы саламаттыкты сактоо тармагынын учурдагы абалы тууралуу жыйын өткөрөт

 

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңеште үч фракциянын жыйыны өтөт. Бул тууралуу парламенттин расмий сайтына жарыяланды.

КСДП фракциясынын жыйынында мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу жөнүндө маселе каралат.

Ал эми "Республика-Ата Журт" фракциясы саламаттыкты сактоо тармагынын учурдагы абалы, мамлекеттик программалардын аткарылышы жана жүргүзүлүп жаткан реформалары жөнүндө маселени карайт. Анда баяндаманы вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун төрагасы Марат Калиевдер жасайт.

Мындан тышкары "Кыргызстан" фракциясынын жыйынында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат угулат. Аталган маселе боюнча негизги баяндамачылар катары вице-премьер-министр Замирбек Аскаров, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы Бактыбек Шамкеев жана финансы министри Бактыгүл Жээнбаева чакырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: