super.kg logo
  Саясат  

Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев: “Муниципалдык кызматкерлердин 20 пайызынын жогорку билими жок”

 

"Кыргызстанда муниципалдык кызматкерлердин 20 пайызынын жогорку билими жок". Бул тууралуу вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Ысык-Көл облусунун тургундары менен жолугушууда билдирди. Айтымында, өткөн жылдын октябрь айында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин кесипке жарамдуулугун текшерүү учурунда алардын 20 пайызынын жогорку билими жоктугу белгилүү болгон. “Текшерүүлөр өлкөнүн бардык аймактарында өткөрүлгөн. Алсак, Кара-Суу, Ноокат жана Панфилов райондорунда айрым жергиликтүү бийликтин кызматкерлери шайлоо учурунда мыйзамды бузуп, кызматынан пайдаланышкан. Каржы боюнча көз боёмочулукка барышкан. Алардын баары кызматынан четтетилген. Ошондуктан бардык маселелерди өздөрү тандап өздөрү көзөмөл кылуусу үчүн кадрдык жана каржылык укуктарды акимдерге берели деп жатабыз - деди Сарпашев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: