Башкы штаб: "6 айдан бери дайынсыз болуп жаткан аскер кызматкеринин буга чейин да кызматтан уруксатсыз кетип калган учурлары болгон"
Балыкчыдагы аскердик бөлүмчөнүн дайынсыз болуп жаткан мурдагы командири Эмилбек Бактыбеков боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы штабы SUPER.KG'ге маалымат берди. Аталган мекеменин басма сөз кызматынын берген маалыматы боюнча, Эмилбек Бактыбеков тууралуу кызматтык иликтөө иштери жүргүзүлгөн.
"Ал аскер кызматкери Казакстандын Алматы шаарынан билим алган, аскердик жогорку билими бар жигит. Жай айларында Балыкчы шаарындагы аскердик бөлүктөн Ошко которулган. Кете турган күнү ал жумушка келбей койгон. Биздин бөлүмдүн кызматкерлери аны издеп, ата-энесине кабар беришкен.
Август айында атасы Балыкчыга барып, баласы менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн айтып, аз күн ичинде аны кайра кызматка алып келүүгө убада берген", - дейт басма сөз кызматы.
Ошондой эле Бактыбеков буга чейин да кызматтан уруксатсыз эле 2-3 күндөп кетип, дайынын билдирбей жүргөн учурлары болгонун белгиледи.
"Мындай абал катталганда ага эскертүү, сөгүш берилип, түшүндүрүү иштери жүргүзүлчү. Ал жөнөкөй жоокер эмес да, офицер, жогорку билимдүү аскер кызматкери. Эгер кызмат кылгысы келбесе келип арызын жазып кетсе эч ким кармабайт болчу. Кызматтык иликтөөнүн негизинде Бактыбеков өз эрки менен аскер бөлүгүнөн кетип калды деп документ толтурулду. Аскер кызматкеринин мындай жоругу мыйзамды бузуу деп эсептелинип, жазага тартылат. Албетте, биз анын аман табылып калышын каалайбыз, аны табууга кызыкдарбыз. Мындан улам Аскердик прокуратурага бардык материалдарды өткөрүп бергенбиз. Аны издөө иштерин Аскер прокуратурасы менен ИИМ улантып жатат.
Ата-энесинин дооматы тууралуу айта турган болсок, баласы алар менен сүйлөшкөндө аскердик бөлүктөн чыгып кеткенин айткан. Эгер Бактыбеков аскер бөлүктө жүрүп, дайынсыз болуп кетсе түздөн-түз биз жооп бермекпиз. Ага карабай Бактыбековду табышуу үчүн ата-энесине да чалып, байланышып турабыз", - дейт маалымат катчы.
Балыкчыдагы аскердик бөлүмчөнүн мурдагы командири Эмилбек Бактыбеков өткөн жылдын июль айынан бери дайынсыз болуп жатат. Апасы аны менен акыркы жолу байланышканда "апа, апа" деп айткандан кийин байланыш үзүлүп калганын айтып берген.

