super.kg logo
  Саясат  

Министр Космосбек Чолпонбаев: "Саламаттыкты сактоо тармагына электрондук системди киргизүү үчүн чоң каражат керек"

 

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясы өлкөдөгү саламаттыкты сактоо тармагынын учурдагы абалы, реформалары жөнүндөгү маселелерди карап жатат. Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев министр болуп келген 8 ай аралыгында жасалган иштер, бул тармактын азыркы абалына токтолду.

Ал эми депутат Үмбөталы Кыдыралиев Саламаттыкты сактоо министрлигинен: "Кандай кадамдар көрүлүп жатат. Электрондоштурууну киргизүүгө алыңыз жетеби?" деп сурады.

"Быйылкы жыл санариптештирүү жылы болгондуктан электрондук систем киргизилип баштаган, биз улантып жатабыз. Биз бул системди киргизебиз", - деп жооп берди Чолпонбаев депутаттын суроосуна.

Депутат Кыдыралиев суроосун улантып: "2019-жылы бул системди киргизүү үчүн канча сумма бөлүндү жана эмне пландарды койдуңуз? Быйылкы жылы саламаттыкты сактоо тармагы бул ишти аткарыш керек" деди. Ал эми министр аны ишке ашырууга чоң каражат керектеле турганын жана бул жылдын негизги иши ушул системди киргизүү экенин айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: