super.kg logo

Депутат менчик төрөтканаларда кызмат акынын кымбаттыгын, мамлекеттик төрөтканаларда шарт начар экендигин айтты

 

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясы өлкөдөгү саламаттыкты сактоо тармагынын учурдагы абалын талкуулап жатат. Жыйында депутат Рада Туманбаева министрге борбордогу менчик төрөтканалардын кызмат акысы кымбат болуп жатканын, ошол эле учурда мамлекеттик төрөтканалардын шарттары начар экенин айтты.

"Мисалы, борбордогу менчик төрөтканада көз жарып, үч күн палатага жатканы үчүн эне 50 миң сом төлөйт экен. Ал төрөтканалар мамлекетке салык төлөп жатышабы?" - деди.

Министрдин "лицензиясы бар, төлөп жатышат" деген жообуна депутат канааттанбай, анын суроосун түшүнбөй калганын кошумчалады.

"Эмнеге биздин жарандар менчик төрөтканаларга барып, акчасын коротушу керек? Эгер менчик төрөтканалардагыдай жакшы шарттар мамлекеттик төрөт үйлөрүндө да бар болсо элге пайда болмок да", - деди Туманбаева. Министр Космосбек Чолпонбаев өлкөдө бир жылда мамлекеттик төрөт үйлөрүндө 170 миң ымыркай төрөлгөнүн, анын дээрлик баары мамлекеттик төрөт үйлөрүндө жарык дүйнөгө келгенин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
01.02.2019. 13:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Туура айтты менчик жакшы карап жатат
01.02.2019. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Дээрлик баары мамлекеттик торотканаларда торолсо менчик роддомдор ишин токтотмок да банкрот болушуп. Кичине чындыкка жакыныраак суйлосонор
01.02.2019. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тура айтат мен азыр юрфа да анализ тапшырып жатам менчик да бардыгы кымбат бирок тейлоо жакшы акчаны алат да ишти кылат врачтарда коррупция жок мамлекетик больницаларды да ушундай иретке келтирсе болот
01.02.2019. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гос.роддомдор деле акчан жок болсо кыйратып карабайт. Балан чыгаар менен"СУЙУНЧУЛОП" жоношот акушер и гинеколог врач. Аз берип койсо нааразы болуп келишип суйлонушот.. особенно Беловодскинин врачтары. Жакында эле бир абысыным торогон. Куйоосу жумуштан суранып келгенче улам улам чалдырып жеп жиберишти. Анан 4000 колдоруна карматканда анан тынчышты...
01.02.2019. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өзүбүз берип көндүргөнбүзда эми муну токтотуш кыйын!
01.02.2019. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен 2014 тороп жатып калганжа бир тажикстандан келген келин да жатып калды
. Буттары отектен шишип кыйналып атса келип карап да коюшкан жок. Байкуш келин бутунун ооруганынан ыйлаганын корсон чыдап тура албайсын. Палатада тороп жаткан келиндер чогулуп бир дарысын алып бергенбиз. Анан баласына да кийим чогултуп бергенбиз.. кыз торогон..ошондогу врачтардын мамилесин корсон атып эле салгын келет.
02.02.2019. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айта берет кербен журо берет жыйынтык жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: