Депутаттар өкмөт мүчөлөрү жооп бере албаган суроолоруна "кагаз түрүндө жооп беребиз" деген куру убада берүүгө үйрөнүп алышканын айтышты
Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңеште КСДП фракциясынын жыйыны өтүп жатат. Аталган жыйында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети бар мамлекеттик ишканалардын жана акционердик коомдордун ишин оптималдаштыруу жөнүндө маселе каралууда.
Анда депутат Улан Примов дал ушул маселе боюнча 2 жыл мурун талкуу болгонун айтып, бирок алдыга жылуу дагы деле жок экенин билдирди.
"2 жылдан бери жетекчилер алмашты. Бирок иште алдыга жылуу жок болуп жатат. Мында жетекчиликте күнөө жок. Бул биздеги иштөө системинде болуп жаткандан кабар берет", - деди эл өкүлү.
Депутат Примов "Ош", "Пирамида", "Ынтымак" телеканалдары Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун карамагында экенин белгилеп, канча каражат республикалык бюджеттен бөлүнөрүн сурады.
"Бизге берилген маалыматтар боюнча аталган телеканалдар катталбаптыр. Финансы министрлиги, ушул телеканалдарды каржылоого канча каражат бөлөсүңөр?" - деди депутат.
Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Ренат Түлебердиев жогоруда аталган телеканалдар ОсОО катары катталганын айтты.
Финансы министрлигинин өкүлү бул телеканалдарга канча каражат мамлекеттик бюджеттен которула тургандыгы боюнча так маалыматы жок экенин айтып, кагаз түрүндө берүүнү убада кылды.
Депутаттар өкмөт мүчөлөрү жооп бере албаган суроолоруна "кагаз түрүндө жооп беребиз" деген куру убада берүүгө үйрөнүп алышканын айтышып, кийин кагаз түрүндө дагы жооп келбей турганын сынга алышты.

