super.kg logo

“Дарыгербиз” деп алдамчылык жол менен акча уурдап жүргөн аялдар кармалды

 

Бишкектин Свердлов РИИБинин кызматкерлери тарабынан көрүлгөн чаралардын негизинде, 28-июнь күнү өздөрүн “дарыгербиз” деп алдап, карыган эненин акчасын уурдап кеткен Чүй облусунун 29 жаштагы Л.Нелла жана Х.Екатерина аттуу тургундары кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы бүгүн, 22-июлда билдирди. Аталган жарандар Бишкек шаарынын 82 жаштагы Г.М. аттуу тургунун “дарыгербиз” деп ишендирип үйүнө кирип, оорудан айыктырарын айтышып, 28 900 сомун уурдап, белгисиз тарапка издерин жашырган. Аталган факты боюнча Свердлов РИИБинин тергөө бөлүмү тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин “алдамчылык” беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Кылмышка шектүүлөр кармалгандан кийин ушул сыяктуу арыздар менен дагы эки жаран кайрылган. Бул сыяктуу окуяга кабылып, аталган аялдардан жабыр тарткандар болсо, Свердлов РИИБи 0555 04-29-13; 0552 10-29-17; 0558 02-03-06; 0312 43-28-15 (нөөмөт бөлүмү) телефон номурларына же "102" кызматына билдирип коюуну өтүнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
22.07.2013. 20:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми врачтардын атын сатып акча уудап калышыптыр да. Болгондо да кары кемпирди алдашыптыр. Кудай озу жазаларын берсин. Эх, акча-акча эмне мынча азгырасын?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: