super.kg logo
  Саясат  

Темир Сариев Эльвира Сурабалдиеванын "компанияларыбыздын бирин тартып алууга аракет кылган" деген айыптоосуна жооп кайтарды

 

Темир Сариев Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиеванын "Компанияларыбыздын бирин тартып алууга аракет кылган" деген айыптоосуна жооп берди. Сариевдин билдирүүсүнө ылайык, Сурабалдиева мындай маалыматтардын баарын баштан аяк оюнан токуп жатат.

"Мага анын мындай калптарды сүйлөп жатканынын себеби түшүнүксүз. Бул анын фантазиясы же мени каралоо боюнча кимдир бирөөнүн буйругу.

Ал дайыма атасынан калган мүлктөрдүн мураскору экенин айтып келет. Мен анын атасын билем, эмне менен алектенип жүргөнүн да билем. Көзү өткөн адам тууралуу жакшы сөздөрдү сүйлөш керек же такыр ал тууралуу сүйлөбөш керек деген кеп бар. Бир эле нерсени айта алам, мен 2000-жылдары Жогорку Кеңеште депутат болуп турганда атасына карата жарандардан бир топ даттануулар келчү", - дейт Сариев.

Ошондой эле ал Сурабалдиева айтып жаткан 2005-жылдын июнь айында Бакиевдин бийлигине каршы жүргөндүктөн өзүнө карата да басым, коркутуулар болуп жаткан учур экенин белгилеген.

"Мен ал кезде кайсы бир бизнес менен эмес, саясат менен алек болчумун. Бул нерсени Сурабалдиеванын абийирине койдум", - деп кошумчалайт Сариев.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -8 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: