Конго Республикасында эбола вирусунан 500гө жакын адам каза болду

Конго Демократиялык Республикасында эбола вирусунан каза болгондордун саны 460 адамга жетти. Бул тууралуу Бириккен улуттар уюмунун сайты жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, акыркы жарым жыл аралыгында 740 адам эбола вирусун жуктуруп, 460тан ашуун адам каза болгон. Айрым маалыматтарда оору жуктурган 740 адамдын 30 пайызы жаш балдар экени айтылууда.
Ал эми Бириккен улуттар уюмунун Конго Демократиялык Республикасындагы өкүлү төмөнкүлөрдү маалымдаган:
"Учурда Мангин, Бени жана Команд аймактары көзөмөлгө алында. Бирок Бутембонун тургундары көчүп-конуп жүргөндүктөн ооруну алдын алуу чаралары көрүлбөй жатат. Ошондуктан эбола вирусунун таралуусу уланууда", - деп кабарлаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:53
2025-06-25

15:16
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.