super.kg logo

Бишкекте митингге чыккан активисттердин бирин беткап кийген адамдар сабап кетишти. Ал кабыргасы сынып ооруканага жеткирилди

 

31-январь күнү Токмок шаарында "Кырк чоро" бирикмесинин мүчөсү Бактыбек Нуралы уулун беткап кийген белгисиз адамдар сабап кетишти. Учурда ал Чүй райондук ооруканасында жатканын SUPER.KG'ге аталган бирикменин лидери Замирбек Көчөрбаев кабарлады.

Анын айтымында, Нуралы уулуна кол салган адамдар анын кабыргасын сындырып коюшкан. "Бактыбек Нуралы уулу Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунан чыгып Токмок шаарына кеткен. Шаардагы автобекетке барганда беткап кийген белгисиз адамдар себепсиз сабап салышыптыр. Ошол учурда автобекетте милиция кызматкери да болгон экен, бирок ал балдардын артынан кууп жетпей калыптыр. Нуралы уулунун кабыргасы сынгандыктан Чүй райондук ооруканасына жаткырылган", - деди Көчөрбаев.

Буга чейин 17-январда Бишкектеги борбордук "Ала-Тоо" аянтында Кытай жарандарынын өлкөгө мыйзамсыз кирүүсүнө каршы митинг өткөн. Митингге чыккандардын айрымдарын милиция кармап кетип ар бирине 3 миң сомдон айып салган. Алардын арасында Бактыбек Нуралы уулу да болгон. Бирок салынган айыпка макул болбой Биринчи Май райондук сотуна арыз жазып, жазылган арыз 30-январда каралмак. Бирок сот отуруму 31-январга жылдырылып кеткен болчу.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(5)
01.02.2019. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биз душманды алыстан издебешибиз керек....
01.02.2019. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Санагандар кытайлар болуп жүрбөсүн
01.02.2019. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми ичип алып мушташса да саясатташтыра бергиле . Эми ойлонсок кимге пайда дейм да сабап ? Озу да айтып алыптыр саясий куугунтук мени эчким коркута албайт деп ой Кудааай
02.02.2019. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми кимден көрөбүз
02.02.2019. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Үчүнчү күч кылды аны)))))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: