super.kg logo
  Саясат  

Экономика министрлигинде кыргыз тилин үйрөнүү курсун ийгиликтүү аяктаган 33 кызматкерге сертификат берилди

 
22-июлда Кыргызстандын Экономика министрлигинде мамлекеттик тилди үйрөнүү курсун ийгиликтүү аяктаган 33 кызматкерге сертификаттар тапшырылды. Иш-чарага министрликтин жетекчилиги, кызматкерлери жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин өкүлдөрү катышты. Мамлекеттик тилди жана иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча иш-чаралардын планы, окутуу программасы министрликтин 2013-жылдын 15-мартындагы №57-буйругу менен бекитилген. Мамлекеттик тилди окутууну уюштуруу максатында министрликтин кызматкерлерин тесттен өткөрүүнүн жыйынтыгында башталгыч, орто жана улантуучу топтор түзүлүп, окутуу аталган топтор боюнча жүргүзүлгөн. Кыргыз тилин жакшыртуу максатында Экономика министрлиги башка иш-чараларды өткөрүүнү да пландаштырууда. Ал эми курстар күзүндө кошумча топтор үчүн улантылат.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: