Айсулуу Тыныбекова Францияда өтүп жаткан мелдеште алтын медалды тагынды

Кыргыз балбаны Айсулуу Тыныбекова Францияда өтүп жаткан Grand Prix de France аттуу мелдеште алтын медалды тагынды.
Өлкөбүздүн атактуу балбаны Айсулуу Тыныбекова 5 айлык тыныгуудан кийин кайрадан эл аралык аренага кайтып келип, дароо ийгиликке жеткенге үлгүрдү. Тыныбекова аталган мелдеште 62 килограммга чейинки салмак ченинде күч сынашып, финалга чыккан. Финалдык беттеште франциялык балбанга туш келип, анын үстүнөн жеңишке жеткен.
Белгилүү болгондой, Айсулуу Тыныбекова Олимпиаданын катышуучусу, Азия оюндарынын жана Дүйнө чемпиондугунун медалынын ээси. 2018-жылы Индонезияда өткөн Азия Оюндарына катышып, байгелүү орунга илинген болчу. Ошол убакыттан бери балбаныбыз алган жаракатынан улам эл аралык мелдештерге катышпай келген.
кошулду
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
11

Кут конгон Кыргыз жерденбиз,
Кудайым колдоп жүрө бер,
Кошойго сени тең дейбиз.