Москвада метродо рельске кулап түшкөн Кыргыз жараны каза болду, анын сөөгүн мекенине жөнөтүүгө каражат чогултулуп жатат
Москвада метродо рельске кулап түшкөн Кыргыз жараны каза болду, анын сөөгүн мекенине жөнөтүүгө каражат чогултулуп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Москвадагы Кыргыз диаспорасынын өкүлү Улан Кошматов билдирди.
Ал сөөктү жөнөтүү боюнча уруксат кагаздар чогултулуп жатканын айтты. Ошону менен бирге Тергөө комитети дем алыш күндөрү иштебегендиктен маселе дүйшөмбү күнү чечилерин кошумчалады.
Маалым болгондой, маркум Асанов Б. Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Октябрь айылында 2003-жылы туулган. Алар үй-бүлөсү менен Москвада жашап жатышкан. Ал 4 бир туугандын экинчиси болгон.
Окуя 1-февралда саат 12:20лар чамасында "Сходненская" станциясында катталган. Рельске кулап кеткен жаран тууралуу машинистке кабар берилгенде машинист поездди чукул токтотуп, бирок поезд жарандын үстүнөн өткөн. 2003-жылы туулган Асанов Б. аттуу Кыргыз жараны рельстердин ортосуна кулап кеткен. Анын баш сөөгү жабыркап, сан сөөгү сынган жана денесинин бир нече жеринен жаракат алган. Ал Москвадагы ооруканада жандандыруу бөлүмүндө жатып көз жумганы маалым болду.
Каражат которуу тууралуу маалыматты төмөнкү телефондор аркылуу билсеңиздер болот.
+7 (965) 387-06-12 Улан Кошматов
+7 (966) 099-53-03 Кырбашев Эркинбек
+7 (926) 901-95-85 Күмүшбек Сейдакматов
кошулду


Элди ушунча соргону аз келгенсип,соок алып келгени да ошол эле элден жардам сурап жатышабы?
Адам деле эмес экенсинер жогорудагылар!
Оз элинерге бир жардамынар тийбеген сон,силердин керегинер да жок эчкимге!!!
Жаштайынан эмнеге бармак эле,ата-энеси менен кор тириликтин айынан баргандыр!?!.
Жаткан жери жайлуу болсун.
Ошол ачылып кетип түшүп кеткен. Ошондуктан туугандар эски метрого түшкөндө абайлагыла.
Келгиле элуу сомдон болсо да которолу.