Децлди сактап калуу үчүн врачтардын көргөн акыркы аракети видеого тартылып калган
Орусиялык рэп ырчысы Децл (Кирилл Толмацкий) 2-февралда жүрөк оорудан улам каза болгону маалым. Ал Ижевскте концерттен кийин көз жумган. Дал ошол жүрөк оорусу кармап калган маалда "Тез жардам" кызматынын дарыгерлери болгон күч аракетин жумшап, биринчи жардам көрсөтүп жатканы видеого тартылып калган.Рэпер Кирилл Толмацкий Ижевск шаарында берген концертинен кийин мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Күбөлөрдүн айтымында, ал гримдөөчү бөлмөдөн өзүн жаман сезе баштаган. Ал отургучта отуруп эле эсин жоготуп койгондо "Тез жардам" чакыртылган. Дарыгерлер Децлдин өмүрү үчүн жарым сааттай күрөшүп, бирок сактай алышкан эмес.
Кирилл Александрович Толмацкий (Децл) 1983-жылы 22-июлда Москва шаарында туулган. Ал эң биринчи ирет 1999-жылы миңдеген көрүүчүлөрдүн алдында Adidas StreetBall Challenge фестивалына катышып, ырдап чыккан. "Ким? сен" аталышындагы 2000-жылы жаздырган дебюттук альбому миллиондогон нускада чыгып, тираж толугу менен ийгиликтүү сатылып кеткен. "Көчө баатыры" аталышындагы экинчи альбому үчүн ал бир нече музыкалык сыйлыктарга татыган. Ал ошондой эле "Дача сатылат" (2005) жана "Стоп! Тартылды! Байкалда" (2016) аттуу тасмаларга да тартылган. Децл 80-жылдардын аягында жана 1990-жылдары туулган муун үчүн рэп деген жанрды тааныткан инсан катары белгилүү.
Ал үй-бүлөлүү болгон жана артында жубайы менен кошо бир уулу калды.
Децлди сактап калуу үчүн акыркы аракеттер
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
18:19
2025-11-20
16:49
2025-11-20
15:16
2025-11-20
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(3)
Makain
Медиа-портал
04.02.2019. 12:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйманы саламат болсун
engel
Медиа-портал
04.02.2019. 13:13
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобоо бироо олуп жатса бироо видеого кантип тартат?
KAYRATBEK
04.02.2019. 17:46
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмне мынча жарыяладынар ОЛБОГОН ЖАН БАРБЫ? Озубуздун олумубузду ойлойлу. Мен кантип олом. Ыйманым менен келме айтып оломбу же согунуп оломбу деп. Ар бир адам олумду унутпасын.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















