super.kg logo
  Саясат  

Орусиянын жараны деп мандатынан ажыратылган Бишкек шаардык кеңешинин депутатына сот мандатын кайтарып берүү чечимин чыгарды

 

Жусупбек Коргонбай уулу Буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу Орусиянын жараны деген жүйөө менен мандатынан ажыратылганы маалымдалган. Экономикалык иштер боюнча район аралык соту ага мандатын кайтарып берүү чечимин чыгарганын бүгүн, 4-февралда БШКдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын 26-декабрында Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын Коргонбай уулунун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө чечимин бекиткен. Андан кийин Жусупбек Коргонбай уулу БШКнын токтомун мыйзамсыз деп табуу жөнүндө арызы менен сотко кайрылган.

"Бишкек шаардык экономикалык иштер боюнча район аралык соту Жусупбек Коргонбай уулунун арызын канааттандырып, БШКнын токтомун жана “Бишкек шаардык кеңешинин депутатынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө” Бишкек аймактык шайлоо коммиссиясынын чечимин жокко чыгарды.

Борбордук шайлоо комиссиясы Орусиянын жана Кыргыз Республикасынын компетенциялуу органдарынын расмий маалыматтарына таянуу менен мурда кабыл алынган БШКнын жана Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын чечимдерин негиздүү жана мыйзамдуу деп эсептеп, бүгүн Бишкек шаардык экономикалык иштер боюнча район аралык сотунун чечимине кассациялык тартипте Жогорку Сотко даттанат", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: