super.kg logo
  Спорт  

Кыргыз дзюдочулары Германияда өтө турган Гран-При мелдешине катышат

 

Кыргыз спортчулары Германияда өтө турган дзюдо боюнча эл аралык Гран-При мелдешине катышат. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Улуттук дзюдо федерациясынан билдиришти.

Аталган мелдеш Дюссельдорф шаарында 22-24-февраль аралыгында өтөт. Мелдеште 14 медалдар топтому ойнотулуп, ага 100 өлкөнүн 750дөн ашуун спортчусу катыша турганы пландалууда. Кыргыз өлкөсүнөн бул биринчиликке 10 спортчу катышат, алардын арасында Азия оюндарынын коло медалынын ээлери Артур Тё жана Владимир Золоев бар.

2018-жылы өткөн Дюссельдорф Гран-При мелдешинде кыргыз спортчусу Бекболот Токтогонов коло медалды тагынган.

Мелдешке катыша турган Кыргыз дзюдочуларынын тизмеси:

60 килограммга чейинки салмак ченинде: Отар Бестаев;

66 килограммга чейинки салмак ченинде: Артур Тё жана Алмаз Алтынбек уулу;

73 килограммга чейинки салмак ченинде: Ишен Аманов жана Бексултан Султанов;

81 килограммга чейинки салмак ченинде: Владимир Золоев;

90 килограммга чейинки салмак ченинде: Фарух Булеркулов жана Эрлан Шеров;

100 килограммдан жогорку салмак ченинде: Юрий Краковецкий жана Бекболот Токтогонов;






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: