Улуттук банктын төрагасы "Мобильник" ишканасы боюнча текшерүү иштери жүрүп жатканын айтты
Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Эмил Токтошев мобилдик капчык эмнеге иштебей жатканын сурады.
"3 күндөн бери мобилдик капчык иштебей калды. Бизге жарандар кайрылып жатат. Бул боюнча кандай чара көрүп жатасыңар?" - деп сурады депутат.
Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов: "Биз өткөн жуманын аягында текшерүү ишин баштадык. Ал жерде "Мобильник" компаниясынын эки негиздөөчүсүнүн ортосунда чатак чыгып, милдеттерин толук кандуу аткара албай жатат. Текшерүү иши бүтүп, бүгүн-эртең тактап оюбузду билдиребиз", - дейт.
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын төрагасынын орун басары Эмил Жамгырчиев: "Компаниянын ишине биз тараптан тоскоолдук болгон эмес. Салык жагын текшерип жатабыз. Компаниянын ишин токтотуп, өчүрүп тоскоолдук жараткан эмеспиз", - деди.
Өткөн аптанын аягында аталган ишкананын кардарларга кызмат көрсөтүүсүндө көйгөйлөр жаралган.

