Ноокат районунун 86 жаштагы тургуну унаа сүзүп кетип каза болду
Ноокат районунун 86 жаштагы тургунун Хонда Степвагон унаасы сүзүп кетип каза болуп калды. Бул маалыматты SUPER.KG'ге Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз өкүлү Алтынбек Теңизбаев тастыктады. Теңизбаевдин айтымында, кырсык 1-февраль күнү кечки саат 8:15 чамаларында Ош-Исфана жолунун Ноокат районундагы Көк-Жар айылынын тушунда катталган.
Кырсыктан 86 жаштагы А.С. оор жаракат алып райондогу оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бирок алган жаракатынан улам өзүнө келбей каза болуп калган.
Маалым болгондой, Хонда Степвагон унаасын Ош шаарынын 1976-жылы туулган Х.А. аттуу тургуну айдап бараткан.
Учурда кырсык боюнча райондук милиция тарабынан материалдар чогултулуп тергөө иши жүрүүдө.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
Chungyz

05.02.2019. 00:04
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жашаптыр
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.