super.kg logo

Ош шаардык кеңеши ВИЧ инфекциясы менен ооруган энелердин балдарына сүт азыктары үчүн акча бөлүүдөн баш тартты

 

Ош шаардык кеңеши ВИЧ инфекциясы менен ооруган энелердин балдарына сүт азыктары үчүн акча бөлүүдөн баш тартты. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук байкоочу кеңешинин төрагасы Айбар Султангазиев кабарлады.

Султангазиев шаардык кеңеш сүт азыктар үчүн акча бөлүп бербесе, ВИЧ инфекциясын жугузуп алган энелер балдарын эмне берип багат деп тынчсызданууда.

"ВИЧ инфекциясын жугузуп алган энелер көз жарса, баласына 1 жашка чыкканга чейин сүт берилиши керек. Эмчек эмүүсүнө болбойт. Анткени инфекция балага да жугуп калат. Ошондуктан баланы сүт менен камсыз кылуу үчүн жергиликтүү бийлик мыйзам чегинде атайын каражат бөлүп турат. Ош шаардык кеңештин каржы маселелери боюнча комитети сүт азыктарына деп бөлүнчү быйылкы 2 миллион сомду кыскартып салыптыр. Бирок бүгүн шаардык кеңештин төрагасы биздин активисттерге байланышка чыгып, 2 миллион сом кайра кайтарыла турганын айтыптыр. Кайтарылбаса сотко берели деп жатканбыз. Анткени ВИЧ инфекциясын жугузуп алган энелердин бир жашка толо элек балдарынын саны учурда 12 , ошондой эле дагы 10 эне кош бойлуу экен. Аларга каражат каралбаса балдарын эмне кылып бакмак эле?" - деди Султангазиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(6)
04.02.2019. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Ошол оорукчан энелердин балдарынын ырыскысына кол салбай эле койбопсунар,бет деле калбай баратат биздин чондордо,эмне жетпейт силерге айткылачы?
04.02.2019. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бюджеттеги акчаны аш тойлорго уномдобосо бовойт да,бироолордун эсебинен аш жеп,акча жасап конуп калышкан да буларын,эл учун,жер учун деген тушунук бала кезинен эле жок болсо керек буларда!
04.02.2019. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Аппак болуп жүргөн адамга ВИЧ жуга бербейт го,бирок тообо кылдым
05.02.2019. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Flowhive, ойлонуп жазсаң ээ бул оору.дарыгерлердин шаалакылыгы менен канча деген адамдарга жугуп жатат. наристелерчи көз ачылгандан баштап эле даары менен жашап келет. Табаа кылбай тооба кыл
04.02.2019. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан да эң негизгиси өздөрү волейбол ойноо үчүн, 3млн сомдун тегерегинде акча болгондоручу.
04.02.2019. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жогорку креслолорго барып каламбы министирлер тез тез алмашып шанс болуп жатканда деп дагы бир жемкор подхалин болуп эконом кылайын дегенго! Эгер ошондой болсо айлык албай иштей беришсин шаардык кенешинде. Эл озу жакшылыкка жеткирет итак сол чонтокторуно акча тушуп турат!
Azatbek.Svoboda. түзөттү 2019-02-04 22:05:37
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: