super.kg logo
  Саясат  

Сергей Лавров: "Орусия аскердик база ачууну Кыргыз бийлиги менен талкуулоого даяр"

 

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров расмий иш-сапары менен Бишкекте жүрөт. Ал аскердик база ачуу азырынча Кыргыз тараптын гана демилгеси экенин белгилеп, Москва бул маселени Кыргыз бийлиги менен талкуулоого даяр экенин айтты. Бул тууралуу 4-февралда жергиликтүү басылмалар жазышты.

Лавров коопсуздук жаатындагы идеяларды да Орусия Кыргыз мамлекети менен талкуулоого даярдыгын кошумчалап, "бул биздин демилге эмес, ошондуктан бул тууралуу биринчи жолу угуп жатабыз", - деген.

Кыргыздын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов орусиялык басылмага маек берип жатып Кыргыз жеринде экинчи аскердик базаны куруу мүмкүнчүлүгү бар экенин айткан. Муну ал өлкөнүн түштүк аймагы Ооганстанга жакын экендиги, Ирак, Сириянын таасиринин кооптуулугу менен түшүндүргөн. Жаңы дайындалган элчинин бул билдирүүсү интернетте талкуу жаратты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: