super.kg logo

Депутат Жогорку Кеңештин төрагасы социалдык маселелерге көңүл бурбай жатканын айтты

 

Депутат Садык Шер-Нияз Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетке көңүл бурбай жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-февралда аталган комитеттин жыйынында билдирди.

"Сыйлык берүү үчүн канча кишинин атын бердик. Алардын канча пайызына сыйлык берилип жатат? Башка комитеттердикин текшерип көрүш керек. Алар сунуштаган адамдарга сыйлык көп берилип жатса чатак салышыбыз керек. Биздин комитетти сыйлабай калды. Спикер биздин комитетке көңүл бурбай жүрөт. Бул нерсени Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында дагы айтам", - деди ал.

Депутат Евгения Строкова Жогорку Кеңештин төрагасы комитеттин жыйынына катышышы керектигин айтты.

Жыйында Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө маселе каралды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: